Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто өспүрүм «такси» кылгысы келип, эки машинаны айдап качкан

Ал уурдалган машина менен бир түн гана эл ташыган. Эми кылмыш иши козголуп отурат

Ош шаарында 15 жашар бала «Дэу Тико» маркасындагы эки автоунааны уурдап кетип, аларды айдап «такси» кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун ИИМ маалымат катчысы Замир Сыдыков айтып берди.

Белгилүү болгондой, машиналар быйылкы жылдын  21 жана 23-октябрдын аралыгында болгон. Кылмыш 10-ноябрда ачылган.

Шектүү автоунааларды ачкычтарды тандоо жолу менен ачып алган деп билдиришет.

- Так күнү белгисиз, анткени бир автоунаанын ээси сатам деп жазып коюп базарга таштап кетип калган, - дейт Сыдыков. - Бул кылмыш ишине шектүү делген 15 жаштагы Д.М. милицияга бул автоунаалар менен болгону бир түн гана такси кылгандыгын айткан. Анан аларды талаага таштап аткан. Анын көрсөтмөсү боюнча автунаалар табылган.

Бул факт боюнча «Автомотоунаа каражаттарын уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

- Д.М. карата бөгөт коюу чарасы үй камагына алуу менен көрүлдү, анткени анын ата энеси менен жашагандыгы эске алынды, - деп сөзүн аяктады ИИМдегилер.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх