Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө мас айдоочу куугундан качып, жол кырсыгына учурады (видео)

Жигули айдаган Караколдун тургуну куугунду жазгырып, каршы тилкеге чыгып «Форд» менен кагышты

Социалдык тармактарда мас айдоочуну кууган видео таркады. Камерага «Жигули» маркасындагы авто катуу ылдамдыкта бараткандыгы түшүп калган.  Аягы кайгылуу болуп бүттү - жол кырсыгы болду. Эсин жоготкон айдоочуну машинадан чыгарып алып, жерге жаткырышты. Сүрөттөө боюнча, жол кырсыгы Ысык-Көлдө болуп өткөн.

Ысык-Көл облусунун ИИБ Vesti.kg сайтына окуя 14-ноябрда, болжол менен саат 16:20  Түп айылынын жанында, Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 189-километринде болгондугун айтышты.  

- Караколдун тургуну Д. Эрлан «ВАЗ-2106» автомашинасын мас абалында башкарып бараткан, - деп такташат милициядан. - Ал каршы тилкеге чыгып, «Форд-Галакси» автомашинасы менен кагышты. Ал машинаны 54 жаштагы Эмил аттуу Кичи-Өрүктү айылынын тургуну айдап бараткан. Жол кырсыгынын натыйжасында жигулинин айдоочусу алган жараатынан улам Түп райондук ооруканасына жаткырылды.

Ысык-Көл ИИБ бул факт Түп райондук ОИБ катталгандыгын кошумчалашты. Бул жол кырсыгы фактысы боюнча чогултулган материалдарды райондук милициянын тергөө бөлүмүнө юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп беришти.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх