Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үкөлдөн кийинки өспүрүмдүн өлүмү: Бишкектик дарыгер туура эмес диагноз койгон

 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Невропатологго карата бөгөт чарасы көрүлдү

Бишкектин №8 ҮМБ эмканасынын дарыгери 16 жашар кызга туура эмес диагноз коюп алган, анын кесепетинен туура эмес дарыланган кыз каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Аида Исмаилова билдирди.

Эл өкүлү невропатолог дарыгердин айыбын кайрадан эспертиза кылганда бетине коюшту.

- Бир аз мурун эле кайрадан экспертизанын жыйынтыгы чыкты, анда дарыгердин туура эмес койгон диагнозу билинди, ал кыздын инсульту бар экен, - деди ал. - Ошондой эле, сайган үкөлдөгү дары анын мээсине таасирин тийгизгендиги белгилүү болгон.

Депутат бул факт боюнча кылмыш иши козголду деп кошумчалады.

- Дарыгерге карата бөгөт чарасы көрүлүп, үй камагына алынды, - деп билдирди Исмаилова. - Ал «Целитель» деген жеке менчик клиникада иштээрин айтты, ошол жерден томография кылынып, диагноз коюлган. Бул медициналык мекеменин ишмердүүлүгүн тез арада текшерүү зарыл. Саламаттык сактоо Министрлиги өзүнүн реформаларынын талкалангандыгын мойнуна алышы керек.

Сөзүнүн аягында Исмаилова кыздын атасы тергөөчүгө башка бир оорунун тарыхын берүүгө аракет кылышкандарын айтып бергендигин кошумчалады.

Эске сала кетели, 16 жаштагы мектеп окуучусу ага үкөл сайган соң, үч күн өтүп каза болгон. Бул кайгылуу окуя быйыл 1-сентябрда болгон.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх