Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кол салуудан аман калган депутаттын иниси: Ал дарбазаны жаап жатканда атышты

Эл өкүлү дагы эле өзүнө келе элек жана жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат 

Октон жаракат алган кыргыз депутаты он күн мурда Тажикстандын Бободжон Гафуров районундагы ооруканага жеткирилген, азырынча эсине келе элек. Дарыгерлер шаршемби күнү дагы бир операция кылышкан жана айыгып кетет деп үмүт кылып жатышат.

Эске салсак, КР Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы Жер айылынын 32 жаштагы депутаты Кубанычбек Баяновду жетинин айынын бешинде үйүнүн жанынан атып кетишкен. Белгисиз бирөөлөр жергиликтүү депутатты бир нече жолу атышкан.

Анын бир тууганы Гайратбек Баяновдун сөзүнө караганда, кылмышкерлерди кармаша элек.
«Окуя болгон жерде мен жок элем. Алар дарбазаны жаап жаткан кезде агамды далыга атышкан. Тилекке каршы аткан адамды эч ким көрбөй калыптыр», - деп айтат Гайратбек Баянов.

Кубанычбек Баяновдун жакындарынын сөзүнө караганда, жакынкы Кыргызстандын Исфана шаарындагы ооруканасы 93 километр, ошондуктан жарадар депутатты Тажикстандын аймагындагы ооруканага жаткырышкан.

Бободжон Гафуров районунун борбордук ооруканасынын башкы дарыгерлик кызматын аткаруучу Джамшет Мирбегиев оорулуунун акыбалы оор дейт, ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

«Биз эки операция кылдык. Колдон келген жардамды кылып, анын өмүрүн сактап калганга аракет кылабыз. Кечээ Коженттен адистерди чакырып, консилиум кылдык. Кубанычбек айыгып кетет деп үмүт кылып жатабыз», дейт ал.

Ал арада, Кыргыз Республикасынын тергөө органдары Кубанычбек Баяновго кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгын билдиришти. Азырынча эч ким кармала элек. Кылмыштын себеби азырынча белгисиз. Тергөөчүлөр кол салуу анын депутаттык ишине байланыштуу болсо керек деп боолголошот.
Башка да себептери каралууда, анын ичинде атаандаштар да иликтенүүдө. Кубанычбектин досторунун бирөө жергиликтүү депутаттын Лейлек районунда май куюучу станциясы бар экендигин билдирди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх