Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда ЖАМК прапорщиги атынып алды. Ал өлөөр алдында кат жазып калтырган

Анын өмүрүн кыюусунун себеби, болжол менен айылдаш кыздын өлүмүнө байланыштуу

Кыргызстанда 21 жаштагы ЖАМК кызматкери кызмат учурунда атынып алды. Ал коштошуу катында, ал айылдаш кызынын өлүмүнөн кийин жашай албастыгын билдирген. Бул туурасында Vesti.kg сайтына жазаларды аткаруу Мамлекеттик комитетинен айтышты.

ЖАМК кызматкери быйыл 30-жетинин айында өзү өзү өлтүргөн. Андан бир күн мурун 19-жаштагы медициналык окуу жайдын студенти асынып алган эле. Каза болгондор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары болчу.

- Кызматкер өзүнүн табелдик куралу мененатынган, - деп маалымдайт ЖАМК. 1997-жылы туулган Н.Н. ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Анын жанынан ата энесинен кечирим сураган жана айылдаш кызынын өлүмүнөн кийин жашай албастыгын билгизген кат табылган.

Бирок каза болгон адам экөөнүн байланышы болгонбу же жокпу айткан эмес.
- Биз анын катын жарыя кылбоону чечтик, анткени ата энелери тарабынан уруксат ала элекпиз, - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматы.

Прапорщик Чүй облусунун Беловодское айылында №16 Түзөтүү колониясында кызмат өтөгөн.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх