Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы LG заводуна келишим менен кеткен мигранттар көчөдө калышты (видео)

26-ноябрда Моксвага аттанган 75 мигрантты  LG заводунун жетекчилери алдап кетишкен

Бул туурасында Москвада иштеген социалдык тармактардын колдонуучусу Эдил Жумадилов өз баракчасына жазып,тартып алган тасмасын жарыялаган. Анын билдирүүсүндө 26-ноябрь күнү 75 адамды Кыргыз-казак чегарасына алып барышкан.

Ал жерде эч бир шарты жок  бир жарым күн кармап күттүрүп, натыйжада жылуулугу иштебеген унаага салып Москваны көздөй жөнөтүп жиберишкен.

Жылуу жууркандарды жамынып 5 күнгө жакын жол жүрүп Москвадагы LG заводуна келишсе андагы кыргыз улутундагы адамдар келишимдери менен документтерин алып коюшкан.Жолду ката кыйналып барышкан мигранттар заводдо да жашоого ылайыктуу шарттарды көрө алышкан эмес.

Фейсбук колдонуучусу Эдил Жумадиловдун баракчасында Казакстанда бир жарым күн күтүп отурушкан мигранттарды көрсө болот. Ал тасманын астына жазган комментарийлерден бул мигранттарды жөнөткөн фирма Бишкектеги Фатьянов көчөсүндө жайгашканын жана аларды Наргиза аттуу аял чогултуп,келишим түзүп Москвага жөнөткөнү маалым болду.

Кечээ 2-декабрь күнү алданып калган 75 мигрантты Москвадагы кыргыздар диаспорасы жатаканага алып келип,тамак-аш берип жардам кылган.Бул туурасында социалдык тармактарда тасма да тараган.

Алданган мигранттарга жардам кылган диаспора өкүлдөрү Кыргыз бийлигине бул көйгөйдү жеткирип коюну өтүнөт.

Акылай Рахматулла

 

Бул чыгарылыш «мигранттарды укуктук жана маалыматтык колдоо менен бирге алардын укуктарын коргоодогу биргелешкен комплекстүү өнүгүү» долбооорунун алкагында чыгарылып, «Карылар үчүн ресурстук борбор» АК ишке ашырылат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх