Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыздар Кытай концлагеринде: Омбудсмен камактагылардын туугандары менен иш алып барууда

Акыйкатчы Институтундагылар эларалык нормага ылайык жана КЭР менен КР ортосундагы мыйзамдын, эки тараптуу келишимдердин алкагында колдон келген нерсенин баарын жасоого убада берди

Синьцзяндагы концлагерге камалгандардын арасынан кыргызстандыктардын туугандары КР омбудсменине арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына негизги укук коргоочу Токон Мамытов өзү билдирди.

- Алар азыр эле келишти, арыз жазып жатышат, - деди ал. - Биздин кызматкерлер алар менен иштеп жатышат. Арызды алган соң, эл аралык нормаларга ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы мыйзамдардын, эки тараптуу келишимдердин алкагында иштей баштайбыз.

Кармалгандардын арасында биздин мекендештердин бардыгы тууралуу бир жумадай мурун алардын туугандары Сооронбай Жээнбековго карата жазган кайрылууларында билдиришкен.

«Биздин туугандарыбыз Кытайга кеткен боюнча, келбей жатышат, - деп жазышат алар. Эки жылдан бери биз алардын кайда экендигин билбейбиз. Алардын үй бүлөлөрү, балдары кароосуз калды. Ошондой эле биз Кытайдагы туугандарыбыз менен байланыша албай жатабыз. Аларды массалык түрдө кармап жатышат. Биздин алган маалымат боюнча, бүгүнкү күндө лагерде Абуталып Саамый, Султан Жасын, Малик Масмакун, Турдакун Абилет, Кенжакун Жумаалы, Сүйүналы Жүсүпэмет, Сулайман Орозбай, Амантур Малик, Мүсүралы Үсөн, Камза Салымкожо, Абдылда Асанакун жана башкалар».

Кайрылуунун авторлору кармалгандардын арасында профессор Мамбеттурду Мамбетакун жана тарыхчы Аскар Жунустун бардыгын белгилешет.
«Синьзянь-Уйгур автономиялык округундагы кыргыздардын абалы оор, - деп айтылат катта. Этникалык кыргыздар КЭРнын кызыкчылыгына эч качан каршы иш кылышкан эмес. Эч себепсиз эле кармап, лагерде калтырып коюп жатышат».

Кыргызстандыктар президентибиз кырдаалга таасирин тийгизе алат деген ишенимде турушат, анткени Казакстандын бийлиги нота бергенден кийин этникалык казактардын абалы жеңилдей түштү.
«Биз Кыргызстандын этникалык кыргыздардын жана Кыргызстандын жарандарынын кармалуусуна кызыгууга акысы бар деп эсептейбиз», - деп белгилешет алар.

«Азаттык Радиосу» 1500 кыргыз жашаган Кайыз деген кытай айылында 300 адам кармалгандыгы тууралуу айткан.
Активист Эдиль Байсалов Twitterде кармалгандардын тизмесин жарыя кылды, алардын арасында этникалык кыргыздардын интеллигенциясы да экен.

Кайрылмандардын бирөө Турсунаалы Үсөн мындан 5 жыл мурун Кыргызстанга келген, анын үй бүлөсүнүн баарын камашкан, бир гана карыган ата энеси калыптыр.
Менин ата энем 80ге чыгайын деп калышкан. Алар кармалган эмес, - дейт ал. - Калган бардык туугандарымдаы камашыптыр. Аларды кыргыз болгону үчүн эле кыйнап жатышат, мусулмансыңар деп. Айылда эч ким калган жок. Кудаларыбызды да камашыптыр. Жетимишке чыга электердин баары түрмөдө. Тарбиялоо лагер деп аталганы менен кадимки эле түрмө. Ал жакта кыйнашат. Акыбал оор. Эркектерди алып кетип, ал жерге кытайларды отурукташтырып жатат деп билдиришти. Элдерди аралаштырышат имиш.
Басылманын маалыматы боюнча, Кыргызстандын кайрылмандары расмий бийликтен жооп ала албай, Казакстандын «Ата-Журттун жаш ыктыярчылары» уюмуна кайрылууну чечишти. Бул уюмдун активисти Серикжан Билаш Кытайда 50 миң ашуун кыргызда камашкандыгынмаалымдайт. Анын үстүнө бул маалымат да эки ай мурунку маалымат, чындыгында андан эки эсеге көп болушу да мүмкүн. Кызыл-Суу автоомдук аймагында расмий маалымат боюнча, 160 миң кыргыз жашайт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх