Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткалдагы митингчилерге боз үй тигүүгө уруксат берилген жок (видео)

Ыкчам келген маалыматтар боюнча Чаткалдагы Терек-Сай айыл аймагына чыккан митингчилерге боз үй тигүүгө милиция кызматкерлери уруксат берген жок

Бүгүн таң эртеңден баштап Чаткал районундагы Ак-Терек айылынын жашоочулары эки жылдан бери алтын кенин казып жаткан Түркиялык «Эти Бакыр» компаниясынын иштешине каршы чыгып митингге чогулушкан эле. Буга чейин түркиялык компаниянын жетекчилери жергиликтүү жашоочулар менен чыгып сүйлөшкөн эмес.



«Эти Бакырдын» коопсуздук кызматынын жигиттерин уруп коюшкан актеректик 15 баланын милициядан бошотулушун талап кылышкан эл айласыздан жол четине боз үй куруш үчүн камданып башташкан. Бирок, аты белгисиз милиция кызматкери аларга уруксат бербеген тасма жарыяланды.

Терек-Сайдагы митинг боюнча депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтып, Өкмөттүн Чаткалга баруусун талап кылган.
Өкмөт тарабынан кандай иш-чаралар көрүлүп жатканы азырынча белгисиз.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх