Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең митингди улантаарын айтып Чаткалдагы терексайлыктар кечке жуук тарап кетишти (видео)

Бүгүн эртең менен «Эти Бакыр» Түркиялык  кен казган компанияга каршы  чыккан чаткалдыктар эртең  да митингге чыгаарын билдиришти

Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагынын жашоочулары буга чейинки балдар ортосундагы мушташтын видеосун жарыялашты. Анда малын жайып жүргөн жаранды кен казган түркиялык «Эти Бакыр» компаниясын кайтарган атайын багыттагы 4 кызматкерлер опузага алып,колун кайрып сабашканы көрүнүп турат. Мал кайтарып жүргөн жигитти иш бөлмөсүнө алып кирип бир нече саат кармап кое беришкени маалымдалат.


Терексайлыктар тараткан экинчи тасмада ызаланган жигит классташтарын чакырып келип,жоон тооп жигиттер «Эти Бакырдын» кызматкерлерине чабуул салганын көрсө болот.



Бул 15 жигитти кармап Жалал-Абад ички иштер башкармалыгына алып кеткенден кийин 400гө жакын Терек-Сай айыл аймагынын тургундары бүгүн митингге чыгышты. Мындай каршылык көрсөтүү буга чейин да бир нече жолу болуп келген. «Эти Бакыр» компаниясы чыгарган таштандылар менен ишканадан агып чыккан аралашма суюктуктар жергиликтүү сууну бузуп жатат деп терексайлыктар азыр да түркиялык компаниянын Чаткал аймагында иштешине каршы чыгышууда.

Терек-Сайлыктар берген маалыматка караганда эртең менен келет делген губернатордун орун басары Чаткалга келген жок. Кечээ жекшемби күнү Жалал-Абад шаарына кармалган 15 баланын ата-энеси менен чогуу  кетишкен Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев менен Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Болот Аширбаевтер да бүгүн айылга кайтышпады.

Буга чейин жол четине боз үйлөрдү курам деген терексайлыктарга милиция уруксат бербеди. Жыйынтыгында митингге чогулган эл кечке жуук тарап кетти. Эртең митинг улана турган болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх