Колун эт туурагычка салып жиберген. 5 жаштагы кыздын манжаларынын тырмак бөлүгүнө жан кирбей калышы мүмкүн
Улуттук оорукананын дарыгерлери баланын акыбалы тууралуу айтып беришти
Колун электр эт туурагычына салып жиберген 5 жаштагы кыздын абалы канааттандырарлык деп эсептелет. Бирок аны дарыгерлер бир жумадан бери көзөмөлдөп турушат.
Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкектеги Улуттук оорукананын хирургу Акбар Жороев айтып берди.
- Азыр манжанын тырмак бөлүгүнө жан кириши суроо туудуруп жатат, негизинен баланын абалы дурус, - деди ал.
Эске салсак, Улуттук оорукананын микрохирургия бөлүмүнө 5 жаштагы кыз ушул жылы 25-жетинин айында түшкөн.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз