Ош базары дагы өрттөндү (видео)
Өрттүн себеби такталып жатат
Кечээ саат 20:35 ӨКМне Ош базарынын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түштү.
- Ош базарынын аймагындагы Бейшеналив жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги орун өрттөнүп кетти, - деп айтышты ӨКМ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына. - Кабар келгенден кийин окуя болгон жерге 6 өрт өчүрүүчү эсеп жөнөп кетти. Саат 00:52 өрт өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөргө өрттү негизги чордонун өчүрүүгө мүмкүн болду. Өрт толугу менен саат 3:31 өчүрүлдү. Өрт камтыган аянт 500 кв. метр. Ал жердеги контейнерлер өрттөндү.
Өрттүн себеби аныкталып жатат.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2018-жылдын башынан бери Ош базарынын бул төртүнчү жолу өрттөлүшү.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www