Ысык-Көл областында катуу шамалдан улам электр энергиясы үзгүлтүккө учурады (видео)
1-декабрга караган түнү Ысык-Көл областынын көпчүлүк айылдарында электр жарыгы өчүп калган
«Чыгыш Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдиргендей 1-декабрга караган түнү Ысык-Көл областынын көпчүлүк айылдарында катуу шамалдан улам электр жарыгы авариялык түрдө өчүрүлгөн.
Өзгөчө Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында көп жылдык дарактар электр зымдарына жыгылып, натыйжада электр жарыгын берүү мүмкүн болбой калган.
Көпчүлүк айыл тургундарынын үйлөрүнүн чатырлары учуп кетип, кыйроого учураган.
1-декабрь күнү таңкы 5тен түнкү сааттарга чейин электр энергиясын ыкчам түздөөчү топтор тыным албай иштешкени айтылат.
Жыйынтыгында 2-декбрь күнү бардык айылдарда электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү камсыз кылынган.
Чок-Тал,Чырпыкты жана Тамчы айылдарында шамал токтобогондугуна байланыштуу жергиликтүү тургундар бир нече саат бою электр жарыгы жок калышкан.Анткени, шамалдын ылдамдыгы секундасына 42 метрге жеткендиктен электр жарыгын өткөрүүчү 7 чоң тирөөчтөр жыгылып, зымдар үзүлүп калган.Токтобогон катуу шамалдан улам электр жарыгын берүү мүмкүн болбогондугун адистер айтышты.
Бирок. Ошол эле күнү кечки 16:00гө аталган айылдарга электр жарыгы берилгендигин «Чыгыш Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Катуу шамалдан улам келтирилген зыяндын көлөмү 1 миллион 70миң сомду түздү дейт «Чыгыш Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы.
Акылай Рахматулла