Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткалдан милиция кармап кеткен балдар үчүн каражат жыйноо башталды (видео)

Кечээ митингге чыккан Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагынын тургундары бүгүн да чогулушту

Vesti.kg сайтына келип түшкөн маалымат боюнча бүгүн 4-декабрда «Эти Бакыр» компаниясын кайтарган атайын багыттагы кызматкерлерди токмоктоду деп Терек-Сай айыл аймагынын 15 тургунун камап койгондугуна байланыштуу митинг уланды.

Чогулган эл азыр камакта жаткан 15 балага акча каражатын чогултуп жатышат. Ар бир балага 5 миң сомдон баалаган жактоочу 75 миң акча сурагандыгы видео тасмада айтылат. Ар бир акча кошкон тургун өз ысмын,канча кошконун жазып кол коюп жатат.

Vesti.kg сайтына келген маалымат боюнча Россия Федерациясында иштеп жүргөн мигранттар жана Жалал-Абад шаарынын тургундары да акча чогултуп жатышат. Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым өкүлүнүн орун басарын Терек-Сайга кечээ келет деген. Бүгүн да губернатордун орун басары келе электиги маалымдалды.

Бүгүн да мушташка катышы бар делген дагы эки баланы милиция кармап алып кеткендигин терексайлыктар билдиришти.

Эскерте кетсек, 5-ноябрь күнү малын издеп жүргөн Терек-Сай айыл аймагынын тургунун «Эти Бакыр» компаниясынын жанындагы тосмодон түрктөрдү кайтарган атайын багыттагы кызматкерлер опузалап,ур-токмокко алып бир нече саат кармап анан кое беришкен. Ага жооп катары терексайлык жаштар келип «Эти Бакыр» компаниясын кайтарган кызматкерлерди сабап кетишкен. Бул окуялардын тасмалары социалдык тармактарга кеңири тараган. 2-декабрь күнү суракка алабыз деп келген Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 15 баланы Жалал-Абадка алып барып, убактылуу кармоочу жайга камап коюшкан. Натыйжада кечээ 3-декбарь күнү 400гө жакын терексайлыктар митингге чыгышкан.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх