Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы депутат Кадыржан Батыров намаз окуган соң каза болду

Мурдагы депутаттын туугандарынын билдиришинче, ал уктоо үчүн жатып, ошол бойдон турган эмес

Украинанын Одесса облусунда мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Кадыржан Батыров 62 жашында каза болду. Бул маалыматты «Азаттыктын» өзбек кызматына анын жакын туугандары ырасташты.

Алардын айтымында мурунку депутат 4-бештин айында түн ичинде каза болгон. Ал намаз окуп бүтүп, жаткан бойдон турган эмес.

Батыровдун туугандары «Азаттыкка» анын күтүлбөгөн өлүмү тууралуу Кыргызстандагы туугандарына билдиришкендигин айтышты.

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-жалган куранда Жалал-Абадда туулган. Ал Кыргызстанда өзбек коомчулугунун лидери болгон.

2010-жылы Батыровду өлкөнүн түштүгүндө кулжа айында массалык башаламандыкты уюштурууга айыпташкан. Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасы ага эл аралык издөө жарыя кылган. Бир жыл өткөн соң соттун чечими менен анын бардык мүлкү конфискацияланган. Өкүмдүн негизинде Кадыржан Батыровдун 28 обьектиси жана анын аялы Караматтын мүлктөрү улутташтырылган.

Бирок Батыров өзүнө коюлган айыптарды танып келген. 2012-жылы Кыргызстандын соту аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.
Бир канча жыл мурун Кадыржан Батыров Швециядан саясий бапаанек тапкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх