Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Бакудан кармалды

Качкын чиновник Азербайжандын аэропортунан тутулду

Бакуда Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалды. Бул тууралуу Report агенттиги билдирет.

Интерпол багыты боюнча издөөгө берилген качкын чиновник Гейдар алиев Эл аралык аэропортунда кармалгандыгы такталды.

КР МБК мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго 2018-жылы баш оона айында издөө жарыяланган. Ага карата КР КК 304 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон (Кызмат абалынан ашыра пайдалануу).

Каржы полициясындагылар анын МБК башчысы болуп туруп «А» ЖЧК өкүлдөрү жана башка бажы кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштургандыгын билдирет. Кылтирилген зыяндын суммасы 167 миллион сом.

Булак
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх