Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бурулайдын өлүмү боюнча прокурор Марс Бөдөшевге 23 жыл сурады

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча сот отурумунда тараптар бүгүн жарыш сөзгө чыгышты

2018-жылдын 27-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Бурулай Турдали кызы бычакталып өлтүрүлгөнү маалым болгон.

19 жашар кыздын өлүмүнө шектүү катары айып тагылган 30 жаштагы Марс Бөдөшов көп убакыт ооруканада дарылангандыктан соттук кароо сентябрь айында башталган.
Ала качуу окуясы Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында катталгандыктан Жайыл райондук соту ишти кароону Бишкектин Свердлов райондук сотуна жиберилген.
Бүгүнкү отурумда прокурор Марс Бөдөшовтун күнөлүү экени далилденгенин айтып, аны 23 жылга абакка кесүүнү соттон суранды. Ал эми, ошол каргашалуу окуя болгон учурда Марс Бөдөшовтун жанында жүргөн досу Акмат Сеитовко күчөтүлгөн тартипте 7 жылга соттоо сунушу айтылды.

«Бурулай Турдали кызын ала качканда машинени Акмат Сеитов айдап бараткан.Ага карабай Сеитов күнөөнү мойнуна албай жатат. Марс Бөдөшов Бурулайды уурдаганы далилденди, анткени күбөлөр кыздын кыйкырганын айтып беришти. Бирок,Марс Бөдөшов кыз менен бир бөлмөдө калганын мойнуна алганы менен канча жолу, кантип бычак сайганы эсинде жок»-деди прокурор.

Мамлекеттик айыптоочунун келтирген жүйөөлөрү менен жабырлануучу тарап толугу менен макул экенин билдиришти.
Бирок, алар Марс Бөдөшовду өмүр бою эркинен ажыратууну соттон сурап жатышат.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх