Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марс Бөдөшов: «Бурулайды кантип өлтүргөнүм эсимде жок»

Бишкектин Свердлов райондук сотунда жарандык доо арыздын негизинде Марс Бөдөшовко козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды

2018-жылдын 27-май күнү Бурулай Турдали кызын ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө аны өлтүрдү деп шектелген Марс Бөдөшов боюнча соттук иши Чүй областынын Жайыл районунан Бишкектин Свердлов райондук сотуна жиберилген болчу. 3 айдан бери жүрүп жаткан сот отурумдарында көптөгөн күбөлөр суралып, күнөөнү далилдөөчү жагдайлар аныкталган.

Тараптар жарыш сөзгө чыгаар алдында Марс Бөдөшовко сөз берилип, ал Бурулайды ала качканын мойнуна алды. Күбөлөрдүн айтымында алгач Марс Бөдөшов Бурулайды эркине каршы машинеге салганда айдоочу болуп анын досу Акмат Сеитов отурган. Кийинчерээк кыз качып кетпеши үчүн Бөдөшов машинени айдап, арткы орундукта отурган Бурулайдын жанына Акмат Сейитов барып отурган.

«Май айынын башында мен Бурулайга телефон чалдым. Алардын үй-бүлөсүн 10 жылдан бери билем. Бурулай менен 3 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөбүз. Телефондон Бурулай апасы аны башка жигитке турмушка берип жатканын айтып, же Марсты танда,же мени танда деп талап коюп,чөнтөк телефонун алып койгонун айтты. Дем алыш күндөрү мончого барам деген. Ишемби келип Бурулайды көргөн жокмун.Жекшемби күнү да келдим.Бурулайдын дүкөнгө киргенин көрүп, артынан бардым. Колунан кармап машинеге отургуздум. Ал чочуп кетип кыйкырды. Машинени өзүм айдап жүргөм. Андан ары жолдо досум менен жолугуп Таласка жөнөп кеттик. Сосновкадагы өткөөлдөн 400-500 метр өткөндө эле МАИ кызсматкери бизди токтотту. Машинени ачып, бул кыз ким деп сурашты. Мен, сүйлөшүп жүргөн кызым дедим. Ала качып бара жаткан жоксуңбу деп сурады. Мен жок дедим. Бурулайдан да сурашты эле, ал эч нерсе деп жооп берген жок. Андан, канча жаштасың деп сураганда, 20 жаштамын деди. МАИчи байке «аа,силер турбайсыңарбы»-деп мени машинеге отургузуп, тосмого алып келишти да, Кара-Балтадан кызыңды алып кет деп Бурулайдын атасына телефон чалышты»-деп эскерди Марс Бөдөшов.

Андан ары Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип үчөөнү тең бир бөлмөгө алып киргенин, андан соң Акмат Сеитов менен Марс Бөдөшовту эшикке чыгып туруусун милициялар суранышканын айтты.

«Мен куралчан жигитке барып Бурулай менен сүйлөшүүнү сурандым,ал макул болбой мени күзөтчүгө жөнөттү. Күзөтчү да макул болгон жок.Мен басып келе жатып эшиги ачык турган бөлмөгө кирип Бурулай менен сүйлөшө баштадым. Андан өз ата-энесине биздин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүздү айт деп сурандым.Ал макул болбой койду.Андан аркысы эсимде жок.Эсиме келсем ооруканада жаткан экем»-дейт сот отурумда сүйлөгөн сөзүндө Марс Бөдөшов.
Бурулайды өлтүргөнү эсинде жок экенин айткан Бөдөшов ошол күнү колунда бычак болбогонун билдирди.
Сот отуруму эртең 11-декабрь улана турган болду.

Акылай Рахматулла








Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх