Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция иликтөөнүн пайдасы үчүн, Хашим Зейналиевдин суракка чакырылган же чакырылбагандыгын айтпайт

«Табыпка» каршы кылмыш иши козголду. Арыздануучу катары КР саламаттык сактоо Министрлиги катышат

Элдик табып деп аталган Хашим Зейналиевге карата бештин айынын жетисинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

- Кылмыш иши КР КК 122 бер. 1б. менен (мыйзамсыз даргерлик кылуу) козголду, - деп тактады ИИМБ маалымат катчысы Мира абдылдаева. - Кыздын ата энелери арыз жазуудан баш тартышты. Ошондуктан, арыз берүүчү тарап саламаттык сактоо Министрлиги болот. Табыптын суракка чакырылгандыгы тууралуу маалымат тергөө ишинин пайдасы үчүн берилбейт. Зайналиевдин кайда экендиги азыр белгисиз.

Эске салсак, жакында эле Улуттук онкология жана гематология борборуна 5 жаштагы кыз келип түшкөн.
Ал кызды ага чейин Көк Жар конушундагы «табып» Хашим Зайналиев дарылаган экен. Жабыркаган кыздын ата энелери ооруканага «лейкоз» деп аныкталган диагноз менен килишкен. Кыздын ата энелери химиотерапиядан баш тартышты. Онкологиялык оорусу бар кызды сактап калууга мүмкүн болбоду. Кыздын ата энелери Хашим Зейналиевге карата арыз жазуудан баш тартышты.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх