Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу өкүм чыкканы жатат
2018-жылдын сентябрь айында башталган сот отуруму эки жарым айдан бери болуп, бүгүн өкүм чыгат деп тараптар күтүшүүдө
Кечээ башталган жарыш сөздө алгач мамлекеттик айыптоочу прокурор соттон Марс Бөдөшовко 23 жыл абакка кесүүнү жана Акмат Сейитовко күчөтүлгөн тартипте 7 жыл сурады.
Жабырлануучу тарап бүгүн жарыш сөзгө чыгып, Марс Бөдөшовдун күнөөсү далилденгендигин айтып,аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.
2018-жылдын 4-май күнү да Марс Бөдөшов Бурулайды ала качып, кыздын атасы Турдали Кожоналиев Марстын байкесине байланышка чыгып, бир нече саат болгондо араң кайтарып алышканын жактоочулар жарыш сөздө айтышты.
Марс Бөдөшовтун жактоочулары каршы пикир катары кызды үйлөнүү, үй-бүлө куруу үчүн ала качкан деген жүйөөнү келтиришти.
«Марс Бөдөшов жоопкерчиликтен качкан жок, болгону өлтүргөнү эсинде жок»-деди Марс Бөдөшовтун жактоочусу.
Тараптардын жарыш сөзүнөн кийин судья өкүм чыгаруу үчүн өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Марс Бөдөшовтун, Акмат Сейтовдун жана Турдали Кожонлиевдердин үй-бүлөсү соттун чечимин күтүп жатышат. Бир нече убакыттан кийин судья өкүм окуйт.
Акылай Рахматулла