Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда чоң өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Жалал-Аббад шаарындагы курулуш материалдар базарында түнкү саат бир чамасында өрт болгон

Маалымат боюнча өткөн жекшемби күнү түнкү бирлер чамасында Жалал-Абад шаарындагы Ж.Шерматов көчөсүндөгү «Рахат» базарында жалын алоолоп өрт чыккан.
Өрт болгону туурасында маалымат түшөөрү менен Жалал-Абад шаардык өрт-куткаруучу кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын ыкчам тобу,башкармалыктын Жалал-Абад шаары боюнча өздүк курамы болуп өрт чыккан жайга 4 топ өрт өчүрүүчүлөр барышкан.

Түнкү 00:42де өрт боюнча маалымат келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр таңкы 3тө өрттү өчүрүп бүтүшкөн.
Жыйынтыгында «Рахат» базарынын түштүк-батыш тарабындагы курулуш материалдары сатылган 350 м2 жер толугу менен күйүп кеткен. Андан сырткары жыгач иштетүүчү 3 цех жана курулуш материалдарын сатуучу 3 жай өрттөнүп кеткен.

Бүгүнкү күндө келтирилген зыяндын чыгымдары эсептелүүдө деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх