Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соттун өкүмү боюнча Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук соту Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишине чекит коюп, өкүм чыгарды

Свердлов райондук сотунун судьясы Чотонов чыгарган өкүмгө ылайык Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычак жеп ажал тапкан 19 жаштагы Турдали кызы Бурулайдын өлүмүнө Марс Бөдөшов күнөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтмөкчү.

Кыз ала качууга катышы бар делген Марс Бөдөшовтун досу Акмат Сейитовду судья Чотонов 7 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести.
Марс Бөдөшов кылмыш-жаза кодексинин 155чи жана 97чи беренелери менен соттолду.

Буга чейин жабырлануучу тарап Марс Бөдөшовту өмүр бою эркинен ажыратууну соттон суранышкан.
Ал эми мамлекеттик айыптоочу Марс Бөдөшовту 23 жылга эркинен ажыратууну сураган эле.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 27-май күнү 30 жаштагы Марс Бөдөшов 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын Таласка ала качып бараткан жеринен МАИ кызматкерлери тарабынан токтотулуп,Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал жакта көрүлгөн аракеттерге карабай Марс Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип,эшикти ичинен бекитип, Бурулайдын моюн-кекиртегине, көкүрөгүнө жана курсагына бычак сайып өлтүргөн деп айтылат тергөөнүн жыйынтыгында.

Натыйжада, кан көп кетип калгандыгына байланыштуу Бурулай Турдали кызы райондук ооруканага жетпей каза болгон.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх