Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марс Бөдөшов Турдали Кожоналиевке 800 миң сом төлөп бериши керек

Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө байланышкан сот иши бүгүн жыйынтыкталып, соттун чечими менен Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды

Алган жазасын Марс Бөдөшов күчөтүлгөн тартиптеги абакта 20 жыл отуруп өтөй турганы маалым болду. Бурулайды ала качууга жардам берген делип айып тагылган Акмат Сейитов да күчөтүлгөн тартиптеги абакта 7 жыл отурмакчы.

Мындан сырткары Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев жазган моралдык жана материалдык чыгымдар боюнча арыз канааттандырылып, Марс Бөдөшов эми 800 миң сом төлөп бериши керек.

Свердлов райондук сотунун судьясы Чотоновдун өкүмүнө ылайык Марс Бөдөшовдун мүлкү мамлекеттин эсебине конфискацияланат.
Андан сырткары, Бурулайды ала качкан эки учурда тең Марс Бөдөшов тааныштарынын автоунааларын сурап, минип жүргөн. Соттун чечими менен ал эки автоунаа өз ээлерине кайтарылып берилмей болду.

Эскерте кетсек, 27-май күнү Марс Бөдөшов Бурулай Турдали кызын Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычак сайып өлтүргөн деп айыпталып соттолду.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх