Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо министринин орун басары: «Табып» Хашим Зайналиевдин кабылдамасы жабык

Мадамин Каратаев ИИМ жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү

«Элдик табып» Хашим Зайналиевдин кабылдамасы жабык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

- Мурда бул жаранга карата кылмыш иши козголгон, - деп эскертти ал. - Мен ички иштер министринин биринчи орун басары менен сүйлөштүм. Ал табып ооруларды кабыл алган бөлмө жабылгандыгын айтты.

Мурда Бишкек ИИМБ Зайналиевге карата «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдиришкен.

Быйыл жетинин айында Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө беш жаштагы кыз оор абалда келип түшкөн. Ал кыздын акыбалы Хашим Зайналиев дарылагандан кийин оорлоп кеткендиги билдирилген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх