Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баку шаарынын тергөө абагында жаткан Адамкул Жунусов этап кылууну күтүп жатат

ЭКККМК кызматкерлери башка ыйгарым укуктуу органдар менен бирге Кыргызстандын бажысынын мурдагы башчысын алып келгени Азербайжанга барат

Жакын арада ЭКККМК кызматкерлери ыйгырым укуктуу органдар менен биргеликте Бакуга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду алып келгени барышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Анатасия Пискур билдирди.

- Учурда МБК мурдагы төрагасын этап кылуу боюнча ырааттуулук документтеринин келишими жүрүп жатат, - деди ал. - Жакында ЭКККМК кызматкерлери менен ыйгарым укуктуу органдар кармалган Жунусовду алып келгени барышат. Качан чыгышаары белгисиз.

Ошону менен ЭКККМК маалымат кызматы МБК мурунку төрагасы кай жерде кармалып жаткандыгын да билдире кетти.

- Адамкул Жунусов бештин айынын төртүндө Азербайжандын аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалган, - деп эскертти Анастасия Пискур. - Ал Баку шаарынын ИВСине киргизилген. Бир нече күн өткөн соң Азербайжандын сот органдары тарабынан МСК мурунку төрагасын камоого санкция берилип, аны Баку шаарынын тергөө абагына киргизишкен.

Эске салсак, КР МБК мурунку төрагасы Адамкул Жунусовго 2018-жылы баш оона айында издөө жарыя кылынган. Ага карата КР КК 304 беренеси боюнча (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголгон. Кажы полициясындагылар Жунусовдун МБК башчысы болуп туруп «А» ЖЧК өкүлдөрү жана бажы кызматынын башка кызматкерлери менен бирдикте туруктуу коррупциялык уюштургандыгын билдиришкен. Келтирилген чыгым 167 миллион сомго бааланган. Адамкул Жунусов андан соң Кыргызстандан качып чыгып АКШда бекинип жүргөн. Ал бештин айынын бешинде Бакуга келген. КР МБК мурунку башчысын эл аралык Гейдар Алиев атындагы аэропорттон кармашкан.

Адамкул Жунусов кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2013 жылдан 2016-жылга чейин башкарган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх