Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Койдун карынын арыкка тазалап жаткан кызга 5 миң сом айып пул салынды

Мамэкотехинспекциядагылар Оштун тургуну өзүнүн кылганы үчүн кечирим сурагандыгын айтышты

Ош шаарынын арыкка койдун карынын төгүп жаткан тургуну 5 миң сом айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамэкотехинспекциясынын Ош аймактык экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Асанбек Мамараимов билдирди.

Анын айтымында, ал аял түшүнүк кат жазып, айлана чөйрөнү булгагандыгы үчүн кечирим сураган.

- Ал аялдын өздүгү такталды. Ал А.Самара 1988-жылы туулган аял экен, - деп маалымдады Мамараимов. - Биз ага жөн эле кагаз жазып, ал жерди тазалатып деле коймокпуз. Бирок бул окуя чуулгандуу болуп интернетке таркап кеткендиги үчүн 5 миң сом айып пул салдык. Андан сырткары, мындан кийин бул сыяктуу иштердин алдын алуу максатында ушинттик.

Эске сала кетели, окуянын видеосу тармакта бештин айынын онунда жарыяланган

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх