Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук кардиология борборунда дарыгердин жоктугунан каза болуп калган кызга комментарий берүүдөн баш тартышты

Бул эмкананын бейтаптары оор акыбалда жардам ала албай калган биринчи эле жолку көрүнүш эмес

Мирсаид Миррахимов атындагы терапия жана кардиология Улуттук борборунда карап жаткан дарыгердин жок болуп калгандыгына байланыштуу каза болуп калган кыз тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышат. Эмкананын башкы дарыгери Жамила Иманакунова Vesti.kg сайтынын журналисттери берген суроого жооп бербестен трубканы коюп койду. - Жок, - деп жооп берди ал комментарий берүү тууралуу өтүнүчүбүзгө.

Каза болгон Айым Эсенова дарыланып жаткан ревматология бөлүмүнүн башчысы Гүлазык Койлубаева да медиктердин ошол маалда жок болуп калгандыгы тууралуу маалыматка ак же көк дебей башкы дарыгерге шылтап койду.

Эске салсак, бир нече күн илгери Vesti.kg сайты кызы Улуттук кардиология борборунда убагында жардам ала албай каза болуп калган Клара Кожомжарованын маегин чыгарган болчу. Энесинин сөзү боюнча, бейтаптын ашказанына кан толуп кеткен, ал эми жанында бир да медик болгон эмес.

«Кечинде мен эч жерде дарыгерлер жок экендигин байкадым. Айым ооба, базар күнү эч ким болбойт дейт. Ал эми кимдир бирөөнүн акыбалы начар болсочу деп сурадым. Эч кимиси жооп беришпейт. Баары эле билбейбиз дешет. Анан мен кызымды өөп, үйгө кеттим. Ал мага саат тогузда уктаганы жаттым деп жазды. Ошондон бери эч нерсе деп жазбайт...», - дейт аял Vesti.kg сайтына.

Кечээ депутат Эльвира Сурабалдиева (КСДП) саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден ал кайгылуу окуяга эмне себеп болгондугун кызыгып сурады.

«Ал окуя боюнча комиссия түзүлдү, - деп жооп берди ал. - Азыр алар жооп берүүгө аракет кылып жатышат. Кайсы этапта катачылык кетиргендиктерин аныкташат - диагностикадабы же оперативдүү этапта катачылык кеттиби».

2017-жылы ЖМК ушуга окшош бир окуяны талкуулаган болчу, анда да Улуттук кардиоборборго байланыштуу болчу. 61 жаштагы бейтап журналисттерге аны инфарк болгону калса да карабай коюшкандыгына даттанган болчу.
«Сиз азыр инфаркт болосуз. Жандандыруу бөлүмүнө тез барыңыз, болбосо өлүп каласыз», - деп айткан дарыгер ага кардиограмма кылып туруп.

Кашайып жандандыруу бөлүмү да башка кабатта экен, бейтап ал жакка өзү басып барат, ал эми ал жерде болсо ага асма үкөл берип коюштан да баш тартышкан.
Менчик эмканаларга барыңыз деп кеңеш беришкен: анткени ал күнү кабыл албай турган күн болчу, анын үстүнө дарыгерлердин айтымында орун да жок экен.

«Сиз азыр өлүп кала элегиңизде жеке менчик эмканаларга барыңыз. Мен сизге эч нерсе кылып жардам бере албайм», - деп жооп берди дарыгер.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх