Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянова: Эмне үчүн соттолуучу журналисттердин көзүнчө сүйлөөдөн баш тарткандыгын билбейм

Улан Саляновдун өлүмүнө айыпталгандын биринин көрсөтмөсү бештин айынын жыйырма бешинде уктурулат

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-башпрокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүм тууралуу иш боюнча уктуруу болду.

Ибоюнча негизги күбө жана Улан саляновдун коңшусу көрсөтмө берди. Процесс бүткөндөн кийин айыпталуучулардын бири Эрмек Осмоналиев сотко көрсөтмө берем, бирок уктурууга журналисттер катышпасын деп суранды төрагалык кылуучудан.

Сот Осмоналиевдин өтүнүчүн канааттандырган жок.

Соттолуучуну суракка алуу бештин айынын жыйырма бешинде болоорун экс-башпрокурор Аида Салянова Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мен соттолуучунун эмне үчүн журналисттердин катышпоосун сурангандыгын билбейм, деди Аида Жеңишбековна. – Баары анын эмнени айткысы келгендигинен көз каранды. Бирок күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, ал кылмыштын буйрутма экендигин айтты.

Эске салсак, Улан Салянов 2017-жылы жетинин айынын алтысында өз үйүндө өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана РФ жараны Заур Насруллаевдер кармалышкан.


Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх