Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектен учуп кыйроого туш болгон учактын бортунда кыргыз жарандары болгон эмес (видео)

Экипаждагы бир адам тирүү калган

Тегеранга жакын жерде кыйроого дуушар болгон Boeing 707-300 учагынын бортунда кыргыз жарандары болгон эмес. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
IRON AIR FORCE авиакомпаниясынын Boeing 707-300 жүк ташуучу учагы Тегерандан «Манас» Эл аралык аэропортуна үчтүн айынын он үчүндө саат 23:10 келген (DLF 155), - деп түшүндүрдү ал. - Бишкектен Пайанга үчтүн айынын он төртүндө саат 7:16 учуп чыккан (DLF 156).
Бортунда 16 киши болгон Тегеран-Бишкек-Пайан чартердик сапарында кыргыз жарандары болгон эмес.

Ал ортодо ирандык аскер адамдары журналисттерге учактын Иран армиясына тийешелүү экендигин айтышкан жана ал учак такай сапарга чыгып турган. Кыргызстандан эт байма бай келип турган.

Орусиялык ЖМК маалыматы боюнча, борттун инженери тирүү калган. Такталган маалымат боюнча, баары болуп учакта 16 киши болгон.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх