Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокурордун өлүмү. Соттун кеңешүүчү бөлмөсүнө белгисиз бирөөлөр киришкен (видео)

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө айыптууну процесске алып келишкен жок, анткени аны СИЗОдон алып келүүгө убакыт болгон эмес

Баткен райсоту Мелис Калыковдун арызын карап көрүп, өкүмдү жактоочуга же туугандарына эмес милициялңнын нарядына окуп берген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттолуучунун эжеси Дариха Калыкова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, жыйын кечээ кечкурун болгон, айыпкерди катыштырган эмес.

- Уктуруу саат 12:00 дайындалган, андан соң 14:00 жылдырышты, кийинчерээк отурум болбойт деп үйгө кетирип жиберишти, - дейт соттолуучунун эжеси.

- Бирок процесс менин инимдин катышуусусуз саат 18:00 башталды, аны СИЗОдон алып келгенге убакыт болбой калган имиш.

Калыкофа соттун кеңешүүчү бөлмөдөн кайрылып келбей койгондугун белгиледи. Алардын кандай чечим кабыл алышкандыктарын Мелис Калыковдун туугандары жана жактоочусу алигиче билише элек.

- Сот Расул Оморов кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти, анын артынан бир нече бейтааныш адамдар киришти, бул мыйзамсыз көрүнүш эле, - деп түшүндүрөт ал. - Ушул учурду биз видеого тартып калдык, сот кайрылып чыккан жок ал бөлмөдөн. Кийинчерээк бизге алар милициянын нарядын чакырышып, чечимди ошолорго угузушуптур. Ошол учурда прокурор да жактоочу да болгон эмес. Биздиин отурган жердин жарыгын болсо таптакыр өчүрүп салышты.

Дарика Калыкова анын инисинин мыйзамсыз кармалган фактысы тууралуу арыз берилгендигин түшүндүрдү.

Соттолуучунун туугандары иликтөөнүн жүрүшүндө алар тараптын күбөлөрүн сурап да коюшпагандыгын кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх