Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «табып» Хашим Зайналиевдин иши боюнча сот болуп жатат

Чуулгандуу «табып-онколог» «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси менен айыпталып жатат

Бишкектин Октябрь райондук сотунда «табып-онколог» Хашим Зайналиевдин ишин уктуруу болуп жатат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

- Жараян саат 09:30 башталды, - деп маалымдады мекемедегилер. - Иштин материалдары бизге 2018-жылы бештин айынын отуз биринде келип түшкөн.

Эске салсак, Зайналиев «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси менен айыпталууда.

2018-жылы бештин айынын жыйырма үчүндө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«Табып-онкологго» карата арыз 5 жаштагы кыздын окуясынан кийин келип түшкөн.

Кичинекей кыз Хашим Зайналиевдин дарылоосунан кийин гематология жана онкология Улуттук борборуна «лейкоз» деген диагноз менен келип түшкөн. Кыздын үй бүлөсүндөгүлөр химиотерапиядан баш тартышкан, кийинчерээк кыз чарчап калган.

Кыздын ата-энелери болсо Зайналиевге арыз жазуудан баш тартышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх