Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак чегарасында ок атылды

Кыргыз Республикасынын чегарачысына бычак көтөрүп чуркады

 Бүгүн Кыргызстандын чегарасынын кыргыз-казак чегиндеги аймакта курал колдонгон окуя болуп өттү.

 Талас облусунун Манас районунун Жайылган аймагында белгисиз үч киши 10-15 баш жылкыны Кыргызстандын аймагынан Казакстан тарапка мыйзамсыз алып кетип жатышкан.

 Мыйзам бузулган жерге мыйзам бузуучуларды кармоого чегарачылар келишти. Кармаганы жатканда белгисиз жарандардын бири бычак көтөрүп каршылык кылган.

 Каршылык көрсөтүүнүн алдын алуу үчүн эскертүү иретинде асманга ок атылганына карабастан алар баш ийүү талабын аткарышкан жок.

Ушул себептүү чегарачылардын бири мыйзам бузгандар тарапты көздөтүп ок атууга аргасыз болушту, жыйынтыгында алардын бирөө жарадар болду. Мыйзам бузуучулардын экөө Казакстан тарапка кирип из жашырып кеткенге үлгүрүштү.

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү убагында, мыйзам бузган жаран октон алган жараатынын айынан көз жумду.

бул болгон окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын жана Казак Республикасынын тийешелүү органдары кабардар болушту.

Учурда ыкчам ишликтөө жана издөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх