Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-казак чегинде көз жумган кишинин жанында документтери болгон эмес

Каза болгон мыйзам бузуучунун жарандыгы аныктала элек

Кыргыз-казак чегарасында кармалаарда окко учкан кишинин өздүгү учурда тактала элек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

- Анын жанында документтери жок экен, ошондуктан анын кайсы мамлекеттин жараны экендигин айтуу мүмкүн эмес, - деп жооп беришти КР МЧК. - Бүгүн саат 16:00 Казакстандын Чегара кызматынын өкүлдөрү менен жоолугушуу болот. Балким, ошондо аныкталып калаар.

Эске салсак, окуя бүгүн кыргыз-казак чегарасынын мамлекеттик аймагында болгон. Белгисиз үч киши Кыргызстан тараптан Казакстанга 10-15 баш жылкыны мыйзамсыз алып кетип жатышкан.

Аларды кармоо учурунда мыйзам бузуучулар бычак менен чегарачыларга каршылык көрсңтүшкөн.

Чегарачылар мыйзам бузуучулар тарапка каратып ок чыгарууга аргасыз болушкан, жыйынтыгында алардын бирөө жарадар болгон. Кийинчерээк каза болуп калды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх