Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты: Киберспорт боюнча спорттук мелдешке театрды ижарага албай, ресторан алышса болмок

Бактыбек Турусбеков Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкыев жана башкалар сөз сүйлөгөн ыйык сахнаны «Dota» оюнун өткөрүүгө колдонушкандыгын эскертти

Киберспорт боюнча мелдеш ресторанда же цирктин аренасында болушу керек эле. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков парламенттин жыйынында айтты.

Эл өкүлү бул мыйзам бузууга өкмөт көңүл буруусу керек деп баса белгиледи.

- Мейли, кибер оюнун өткөрүшсүн, - деди Турусбеков. - Бирок опера жана балет театры - бул ыйык сахна. Бул маданияттын храмы. «Билайн» компаниясы ресторан жалдагшанга деле кудурети жетмек. Ал жерде Бүбүсара Бейшеналиева жана Болот Миңжылкыевдер чыгып жүргөн ыйык сахна. Мурда опера жана балет театрында банкет болду эле. Эсиңиздердеби кандай чуу болгондугу?

Эске салсак, «Dota-2» компьютердик оюнунун мелдеши ушул жылдын үчтүн айынын он тогузунда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында болгон. Маданият Министрлигинин башчысы премьер министрге театрдын жетекчисине сөгүш берүү тууралуу сунушун жолдогон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх