Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Киши колдуу болгон баланын апасы  өз ара келишип алган милиция менен прокурорго каршы чыгууга алсыздык кылат (фото+18/видео)

Уулунан айрылган аял тергөөчү менен жактоочунун телефон аркылуу сүйлөшкөн үнжазмасын бөлүшкөн

 Токтогул районунун 24 жаштагы тургуну Мирлан сокушбаевдин өлүмү тоңуп өлгөн деп катталган. Көп сандаган жарааттын тактарына карабастан аны соттук медициналык эксперттер жана укук коргоочулар мас болуп, сууктан тоңуп өлгөн деп жыйынтык чыгарышкан.

Каза болгон баланын апасы Анара Бусурманова өз сөзүндө катуу туруп, күнөөлүүлөр жазасын алуу керек деп ушуну менен экинчи жолу адилеттүүлүк үчүн күрөшүн жатат.

Уулун жоготкон аялдын Vesti.kg сайтына айтып бергениндей, бул кылмыш 2017-жылы бирдин айынын жыйырма төртүндө Токтогул районунун Жердик деген жайлоосунда болгон. Ал жерде Мирбек мал карап жүргөн.

-Алинур Наматбек уулу, Алмазбек Бугубаев жана Азамат Амангелди уулу деген үч киши менин баламды өлтүрүшкөн, бирок бирок милицияны, прокуратураны жана алтургай менин жактоочумду сатып алып коюшкан, - дейт ал. Сүрөттө денесиндеги жарааттар көрүнүп турат. Бүт денеси шишип көгөргөн. Колунда аркандын изи бар, аны байлашкан. Андан сырткары, анын кийимдеринен шектүүлөрдүн канын табышкан, ошондой эле кан болгон кол каптарды да табышкан.

Бусурманованын сөзү боюнча үч киши тең анын денесин тоңуп өлгөн абалда көрүшкөндөрүн айтышкан.

-Аларды тергөөчү Айбек Ажибаев, прокурор Улан Ибрагим уулу, соттук медициналык эксперт Мухтар Исаков, райондук милитциянын начальниги Ырысбек Аширалиевдер коргоп жатат, - деп ырастайт ал. – Биз комиссия менен кайрадан экспертизага берип, бул киши колдуу болгон деген талапты койгондо гана алар бул кишщи колдуу болгондугун моюндарына алышты. Эки жылдан бери ишти созуп, былтыр үчтүн айынын отузунда гана КР ЖК 121-беренесин 97 беренеге которушту (киши өлтүрүү).

Чындыкты издеген Анара Бусурманова укук коргоо органдарынын жетекчилеринин эшигин каккылап жүрдү. Ошол учурда ИИМ башчысынын орун басары болуп турган Данияр Абдыкаров ал аялга жардам берип күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген.

-Мен Абдыкаровго 2018-жылы жалган куранда киргем, -дейт аял. – Ал мага жардам берүүгө убада кылды, бирок менин жактоочум кылмышкердин тарабын алып алгандыгына байланыштуу кырдаал татаалдап кетти. Мен бул тууралуу кокусунан билип калдым. Бир күнү мага жактоочум телефону бузулуп калгандыгын айтты. Мен аны оңдотуп бергени алып, ошону менен бирге эле чалууларды деталдаштырдым. Мен ал жерден менин юристим Сагын Сатаров Токтогул районунун тергөөчүсү Чоюн Исаков менен эки тарапты элдештирүү тууралуу сүйлөшкөндүгүн таап алдым. Алар ишти 121 берене менен «Коркунучта калтыруу» жаап салууну сүйлөшүшкөн. 

Ал сүйлөшүүнүн үн жазмасын Анара Бусурманова Vesti.kg сайтына жеткирип берди.

Бул иште шектүү катары Алинур Наматбек уулу эсептелип жатат. 2018-жылы чын куранда ал эки айга тергөө абагына камакка алынган. Азыр эркиндикте жүрөт. Алмазбек Бугубаев жана Азамат Амангелди уулу күбө катары өтүп жатышат. Эч кимиси күнөөсүн мойнун алган жок.

- Эки жылдан бери бир да сот отуруму болгон жок, - дейт ал. – Айылдаштары ал үчөөнү мал ууру катары таанышат экен, элдин божомолуна караганда менин уулум аларды тутуп алган, ошондуктан өлтүрүп салып кутулгулары келген. Мен алардын биринин аялы менен жоолугуштум. Кийинчерээк, суракта ал шектүүнүн туугандары чогулуп, алардын баарына бир ооздон менин уулумду тоңуп өлдү дегиле дешкендигин ыйлап айтып берди.

Бүгүнкү күндө Анара Бусурманова президент Сооронбай Жээнбековго арыз менен кайрылды.

 Ал өз катында мамлекет башчыны бул ишти өз колуна алып жана коррупционерлерди жоопко тартууну суранат.

Сүрөт www  

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх