Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жээнбековдун тууганымын» деген шылуун бир аялды 133 миң долларга алдап кетти

Президенттин фамилиясына окшош фамилиядагы бирөө, мамлекет башчынын тууганымын деп өзүн тааныштырып, үй камагына чыгарылды

ЭКККМК кыргызстандык аял Зарипа Самидинова кайрылып, Абдимажит Жээнбеков деген жаранга чара колдонууну суранган. Ал аялды алдап паркет чыгаруучу жабдуу (станок) алып берем деп, 133 миң долларын алдап алып алган. Ал киши Кыргызстандын президентинин тууганы болом деп аялды коркуткан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат катчысы Анастасия Пискур билдирди.

- Жээнбеков алдамчылык жол менен кызмат көрсөтөм деп алдап, көрсөтүлгөн акча каражатын алып алган, - деп билдирди ал. - Бул факт боюнча ЭКККМК тергөө бөлүмү 2016-жылы баш оона айында КР ЖК 166 беренесинин 4б. 2п. (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон. Иликтөөнүн жыйынтыгында, далилдөө базасынын жыйындыларын эсепке алуу менен Жээнбековго КР ЖК 166 беренесинин 4 б. 2 п. боюнча айып тагылган. Иш Бишкектин Ленин райондук сотуна бул айыптоо боюнча кароо үчүн жиберилген. 2018-жылы жеинин айында Ленин райондук сотунун чечими менен Абдимажит Жээнбеков айыптуу деп табылган. Аны 7 жылга эркинен ажыратуу дайындалган. Ал сот залынан камакка алынган.

Ошону менен бирге Анастасия Пискур быйыл үчтүн айында Жээнбековдун бңгңт коюу чарасы үй камагына чыгаруу менен алмашты.

2019-жылы үчтүн айынын он тогузунда Бишкек шаардык соту Жээнбековдун бөгөт чарасын үй камагына которуу менен өзгөрткөн, - деп улантат ЭКККМК маалымат катчысы. Кылмыш иши Бишкек прокуратурасына тергөөнүн актай жерлерин толуктоо үчүн жиберилди.

Учурда Бишкек шаардык сотунун 2019-жылы үчтүн айынын он тогузундагы аныктамасына көзөмөл эрежесинде арыз жазылып жана Жогорку соттун кароосунда турат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх