Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте батирде колу, буту байланган жигит бошонуп, жардам сурап чалды

Адамды барымтага алып, акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМ криминалдык милициясы Кызматынын 2-башкармасынын кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлдү. Аларбарымтага алынып, колу буту байланып, акча талап кылынып жаткан кылмыштын бетин ачууга багытталган болчу.

Быйылкы жылдын бирдин айынын он экисинде органга Жалалабатта 27 жаштагы Сузактын тургунун барымтага алып, акча талап кылып жаткандыгы тууралуу кабар келип түштү.

Барымтага алынган адамдын туугандары кылмышкер ал жигитти күч менен «Хонда Фит» маркасындагы автомашинага отургузуп, белгисиз багытка алып кеткен. Бир канча убакыттан соң анын туугандарына телефон чалып, 20 000 доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Бул факт кырлмыш кылуунун Бирдиктүү реестрине катталган. Жалалабат ИИБ тергөө кызматы булфакт боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, белгисиз жарандар Сузак районунун тургунун алдап көчөгө чыгарып, күч менен машинага отургузуп, сабашкан. Жабырлануучунун таанышы ага жардам берейин дегенде анын да сабап, телефонун тартып алышкан. Күбөлөрдун айтуусу боюнча такталган «Хонда Фит» автомобили уурдалган болуп чыкты.

Ал ишке ИИМ криминалдык милициясы Кызматынын 2-Башкармасы киришти. Изи сууган кылмышкерлердин изин Бишкектен издеп жатышат.

Бирдин айынын он үчүндө, болжол менен саат 23:00 Биринчи май РИИБ микрирайондордун биринде батирде жардам сураган кыйкырык чыгып жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болуп жаткан жерге Биринчи май райондук РИИБ ыкчам-иликтөө тобу жөнөп кетти. Айтылган батирден барымтага алынган кишини табышкан. Төрт кылмышка шектүү ал адамды күч менен батирде кармап турушкан. Алар аны колу бутун байлап салып, сыртка чыгып кетишкен.

Жабырлануучу колун бошотуп жардамга чакырып калууга үлгүргөн. Ал арада ыкчам кызматкерлер барымтага алуучуларды издөө менен алек болушту. Биринчи илинчек алар түшүп кеткен автомобил болду.

ИИМ КМК 2-башкармалыгы Жалалабат ИИБ КМК менен бирдикте шектүүлөрдүн бирин кармоого мүмкүн болду. Кармалган киши 1998-жылы туулган З.Б. аттуу Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну болуп чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда соттолгон - Орусиянын аймагында кылмыш жообуна тартылган.

Учурда иш улантылып жатат, калган шектүү үч жаранды издеп жатышат.

ИИМ маалымат кызматы

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх