Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада Дүйнө чемпионаты-2018 болуп аткан кезде элдерди сүзүп кеткен кыргызстандык таксист боштондукка чыкты

Чыңгыз Анарбек уулу 10 күндөн кийин мекенине кайтаары билдирилет

Москвада футбол боюнча Дуйнө чемпионаты болуп жаткан учурда күйөрмандарды сүзүп кеткен кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу бүгүн эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ага юридикалык жана материалдык жактан жардам берген «Замандаш» саясий партиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, анын жакында Кыргызстанга келээри белгилүү болду.

- Жаза өтөө мөөнөтү быйылкы жылдын кулжа айынын жыйырма жетисине чейин болчу, бирок аны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуп жатышат, - деп түшүндүрдү андагылар.

Шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотулганына карабастан ага кулжа айынын жыйырма жетисине чейин Орусия Федерациясынын аймагынан чыгууга тыюу салынат.
Бирок ага Кыргызстанга 10 күнгө барыфп келүүгө уруксат беришти. Ал бир туугандары менен балдарын жана жакындарын сагынды. Мындан ары ал Москвада жашап жана иштөөнү улантат.

Эске салсак, ал каргашалуу жол кырсыгы 2018-жылы кулжа айынын он алтысында Москвада болгон эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх