Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Колу чынжыр менен байланган окуучу кыз, аны таксисттер зордукташкандыгын билдирди

Социалдык кызматкерлер Жалал-Абаттын автобекетинен табылган кыз бул окуяны оюнан чыгарып айтып коюшу да мүмкүн экендигин айтышат

Жалал-Абаттын автобекетинен табылган кыз, өзүн таксисттер зордуктагандыгы тууралуу билдирди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлигинин балдарды жана үй бүлөнү коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Динара Асанова айтып берди.

Эске салсак, автобекетте окуучу кыз жылаңаяк, колу чынжыр менен байланган абалда каңгып жүргөн.

Асанованын айтымында, азыр өспүрүм кыз реабилитациялык борбордо турат.

- Ата энеси ажырашып кеткен, начар турушат, - деп белгиледи адис. - Алдын ала маалыматтар боюнча, апасы жергиликтүү базарды тазалык кызматкери болуп иштейт. Кыз апасы менен чатакташа кеткен, анткени ал өткөөл мезгилдеги куракта. Ал кыз үйүнөн бир канча жолу качып кеткен жана жумалап үйүнө келбей калышы мүмкүн эле. Өз кезегинде апасы өзүнүн бул аракеттерин анын жоголуп кетпеши үчүн жасагандыгы менен түшүндүрдү. Качып кетпесин деп байлап койгон.

Мурда белгилүү болгондой, ал кыз 2003-жылы төрөлгөн, 9-класста окуйт. Бирок анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.

- Аны бул абалдан чыгарып кетүүгө психологдор жана башка адистер аракет кылып жатышат, - деп түшүндүрдү Асанова. - Ошондой эле апасына алдын алуучу жана түшүндүрүүчу иштер жүргүзүлүүдө. Кыздын апасы менен жашоодон баш тартып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Адистер жашы жете элек баланы коргоо боюнча атайын планды иштеп чигишты, кырдаал балдар боюнча комиссияда ИИМ жана саламаттык сактоо өкүлдөрүнүн катышуусунда каралат.

Андан сырткары, окуучу кыз аны таксисттер автобекетте зордуктап кетишкендигин билдирди.

- Бул маалымат такталып жатат, анткени ал муну оюнан чыгарып айтышы да мүмкүн, - дейт ал. Медиктер анын оң бутунан көгөргөн такты көрүштү. Ошондуктан бул факт боюнча текшерүү жүргүзүлөт.

Ал арада Жалал-Абад облустук ИИМ Vesti.kg сайтына жашы жете электерди зордуктоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн жок деп билдиришти.

- Кыздын айтымында, аны апасы чынжыр менен байлаган эмес, - деп билдирди мекемеден. - Ал курбу кызы менен качып кетип жатканда, үйүндө таэнеси калган. Алар автобекетте жүргөндоапасы курбусуна чалып, бирдеме болсо жооп бересиң деп коркуткан. Акыры ал кай жерде экендиктерин айткан. Андан кийин курбулар уруша кетишкен, кыз өзүнүн колуна чынжырды өзү байлап алгандыгын айтты. Ал эми зордуктоо тууралуу сөз да болгон эмес.

Кыздын издеп жаткан атасы тууралуу маалымат азырынча жок экендигин айтышат социалдык кызматкерлер.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх