Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта иске ууланган үй бүлөдөн апасы менен кызы каза болду

Алар отту мешке эмес ,чакага жагып, үстүн жаап коюп укташкан

Кечээ 20-февраль күнү Талас районунун Кара-Суу айылында бир үй-бүлө иске ууланып, апасы менен 7-класстагы окуучу кызы каза болду. Бул тууралуу Vesti kg. басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ үйдүн электр энергиясын өчүрүп кетишкендиктен алар от жагып уктап калышкан. Ошондой эле алар отту мешке эмес ,чакага жагып үстүн жаап коюп укташкан. 


Жаккан оттон бир үй-бүлө ууланып ошол жерден эле апасы жана окуучусу кызы каза болуп , эки баласы ооруканага жеткирилген, деп билдирди Талас облустук ооруканасынан .

Даярдаган Элхан Акылбеков

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх