Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкектеги түрк мектебинин балдарга тийишкен директору өлкөдөн качып кеткен»

Окуучунун апасы ал жаңжалдуу окуяны төкпөй чачпай айтып берди. Ага эч кимге айтпа деп, акча сунуштаган

Бишкектеги түрк мектебинин тогуз жаштагы балага ыдык көрсөткөн директору, мурун да башка балдарга тийишип жүргөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жабыркаган баланын апасы Ж.К айтып берди.
Ал аялдын айтуусу боюнча, Омер Айдын бул окуу жайын бир жарым жылдан бери башкарып келген. Ошол мезгилден баштап мектепте башаламандык башталды.
- Былтыр директор анын эки небересине тийишкен, бирок ал аны далилдей албай калган. Неберелерим окуудан айдалган, - дейт бишкектик аял. - Менин уулум эки жолу ыдык көрсөтүүгө дуушар болгон. Акыркы жолу директор аны зордуктаганга аракет кылган, бирок бала өз убагында качып кетүүгө үлгүргөн.

Учурда сексулалдык ыдык көрсөтүү фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат, дейт баланын апасы.

- Окуянын ийне жибине чейин айтып бергенге тергөөнүн кызыкчылыгы жол бербейт, - деп улантат ал. - бирок баламдын өтө катуу коркуп калгандыгын, уктабай жана тамак ичпей жаткандыгын белгилей кетейин. Анын менен психологдор иштеп жатышат. Уулум алтургай эркек тууганларыбыздан да коркуп жатат жана мектепке барууну каалабайт. Арызды Ленин РИИБ жана УКМК жаздык.

Мектептин директорун Кыргызстандагы турк элчилиги калкалаарына ынандырат. Ж.К. Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси Омер Айдындын айылдашы экендигине ынандырат.

- Мага түрк элчилиги ортого киши салып, унчукпоо үчүн акча сунуш кылышты, бирок мен баш тарттым, - деп түшүндүрдү аял. Ошол окуядан соң менин уулумду туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн алып келбеди деген шылтоо менен мектептен чыгарышты. Биз соттошуп, кайра мектепке киргенге аракет кылабыз.  

Бул  түрк мектебинде 200 ашуун кыргыз жарандары окуйт.

- Көптөгөн ата энелер арыз жазгандан жана директорго доомат коюштан коркушат, - деп белгиледи маектешибиз. - Аларды балдарын мектептен чыгаруу жана Түркияга кирүүгө тыюу салуу менен коркутуп алышкан. Мурунку директор жакшы болчу жана мектеп менен окутуучуларына да дооматыбыз жок. Башаламандык Айдындын келишинен кийин башталды.

Баарынан да, ал мектептин мыйзамсыз иштеп жаткандыгына көзү жетти.   

- Биз билим берүү Министрлигине кайрылдык, бирок алар бул мектеп тууралуу эч нерсе билбейт экен, - деп кейийт Ж.К. - Бул мектеп ТИМден деле уруксат албаптыр, өкмөт аралык келишим деле жок бул мектеп тууралуу. Бишкек мэриясы болсо мектеп курулушуна уруксат берген эмеспиз деп маалымат беришти.

Ошого карабастан, түрк мектеби эки гектар жерди ээлеп, 1995-жылдан бери иштеп келет.

- Мектептин алдында бала бакча жана лицей бар, - деп кошумчалады маектешибиз. - Орто билим берүүчү мектепте Кыргызстандын 200 жараны окуйт. Бизди кыргыз жарандыгынан баш тартып, түрк жарандыгын алууга мажбурлашат. Омер Айдын бизге ИГИЛ жетишпей жаткандыгын билдирген. Буга күбөлөр бар. Анын оюнча биз өтө эле ачылып кетиптирбиз. Ага аялдардын шымчан жүргөндүгү жакпайт.

Андан сырткары, ал өзү да директордун курмандыгы болгондугун ырастады.

- Ал мени элдин көзүнчө чаап жиберди, мен ага байланыштуу милицияга арыз жаздым, - деп түшүндүрдү ал. - Туркиянын элчиси мени менен жоолугушуп, экинчи мындай кайталанбайт деп сөз берди. Мен аны расмий түрдө менин жана менин баламдын алдында кечирим сурашын талап кылам. Баламды улутуна карап кемсинткен. Бирок бүгүн анын өлкөдөн качып кеткендиги тууралуу маалымат пайда болду.

сүрөт  www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх