Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кызматтык машинаны чимирилтип жүргөн милиционерди видеого тартып алышкан (видео)

Алдын ала маалыматтарга караганда, машина КР ИИМ адистештирилген мамлекеттик кайтаруу кызматынын Башкы башкармасына таандык

Кыргызстанда милиционер кайгуул машинасын айдап «чимирилткен». Тармак колдонуучулар тарткан видео кечээ Instagramда пайда болду.

Бул тасма болжол менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда тартылган.

Ал ортодо Vesti.kg сайты ички иштер Министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгына кайрылды. Мекеменин маалымат кызматы машина алардын мекемесине караштуу эмес экендигин билдирди.

- ЖКККМБ түзүлгөн учурдан баштап эле автоунааларда айырмалоочу сызыктар пайда болгон, - деп түшүндүрүштү андагылар.
- Биздин мекеменин кызматтык транспортторунда кызыл-көк сызыктар бар. Андан сырткары, кызматкердин атайын кийиминде жарыкты чагылдыруучу тасмалары бар. Бул нормалар ушундай эреже бузууларда автоунаа жана инспектор кайсы мекемеге таандык экендигин билүү максатында киргизилген.

Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинин кайтаруу кызматынын Мамлекеттик башкармасында айырмалоочу бир гана сызык бар. Ички иштер Министрлигинин маалыматкызматы азырынча комментарий үчүн жеткиликсиз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх