Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургундары өрттөн улам үйсүз калышты. Аларга биздин жардамыбыз керек

Үч бала иске ууланып калышып, №3 балдар ооруканасында жатышат

Ордо калаабыздын «Келечек» турак жай конушунда бирдин айынын он биринде өрт чыгып, натыйжада үч бала иске уугуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүштү. Ал үй бүлөнүн азыр жашай турган жери жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына бейөкмөт уюмдун социалдык кызматкери билдирди.

- Өрттүн кесепетинен «Келечек» турак жай коушундагы үйлөрдүн биринде үч бала иске уугуп калган. Алардын жаш курактары 4,3 жана 1,5 жашта, - деп тактады ал. Алар шаардын №3 балдар ооруканасына оор абалда жеткирилди. Азыр ал үй бүлөдөгүлөрдүн жашаар жери жок. Аларга материалдык жардам керек.

Жабырлангандардын атасы Таштанбек Vesti.kg сайтына балдардын абалы бир аз жакшырып калгандыгын билдирди. Аларды жакын арада чыгарышат.

- Мен Ош базарында иштейм, ошол күнү да иште элем, - дейт ал. - Аялым жакында төрөйт. Ал үй бүлөлүк медицина борборуна кеткен эле. Мен балдарды сыртынан бекитип, аялыма барып келе калайын дегем. Анткени ал кош бойлуулугунун сегизинчи айында. Кайтып келгенимде коңшум өз убагында балдарга жетип келгендигин кабарлады. Азыр балдарым №3 ооруканада жатышат. Алардын акыбалдары бир аз жакшырып калды. Экөө палатада, эң кичүүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аларды качан чыгараары белгисиз. Азыр

Когда их выпишут, еще неизвестно. Сейчас «SOS Балдар айылы» уюму бизге эки айга жашап турганга батир таап беришти.

Медина Купсулдаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх