Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таластагы эне баланын өлүмүнө себепкер болгон контролёр жумуштан бошонуп кетти

Каргашалуу окуядан кийин ал аял Кара-Суудагы инспекторлук кызматын улантууну каалаган жок

Талас районунун контролёру жана электромонтеру өз каалаоосу менен жумуштан кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Түндүкэлектро» ААК маалымат кызматы билдирди.

- Талас филиалынан бизге контролер жана электромонтердун жумуштан бошоп кеткендигин ырасташты, - деп айтышты андагылар. - Аларга эч кандай кысым болгон жок. Алар өз каалаоолору менен арыздарын жазып жумуштан кетишти. Алардын арыздары кабыл алында. Контролер өз милдетин мыйзамдын алкагында так аткарган. Бирок моралдык жактан алып караганда ал аталган аймакта эми иштей албайт. Контролер өзү менен баланышууну каалаган жок. Ал анын укугу.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты бирдин айынын жыйырмасында Талас облусунун Кара Суу районунда иске ууланып каза болуш кан энеси менен кызы тууралуу жазган болчу. Каза болгон аялдын эки баласы ооруканада жатат. 2006-жылы туулган бала жана 2013-жылы туулган кыз. Кыз борбор шаардын ооруканасына которулду. Каза болгондордун айылдаштары бул каргашалуу окуяга контролерду айыпташты. Анткени ал электр энергиясын кыркып кеткендигине байланыштуу алар чакага от жагууга мажбур болушкан.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх