Пара алганга айыпталган журналист кызды камашкан жок
Коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат
Жергиликтүү телеканалдын 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган журналист кызы камалган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынан билдиришти.
- Бул факт кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды, алдын ала укуктук квалификация боюнча Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 238-беренесинде каралган «Кызматкердин мыйзамсыз сыйлык алуусу», - деп эскертет мекемедегилер. - Бөгөт коюу чарасы азырынча көрүлө элек.
Каржы полициясы учурда сотко чейинки өндурүш жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Белгилүү болгондой, пара алганга айыпталып жаткан Эльвира Сатыбекова КТРК журналисти.
Телерадиокорпорациянын башчысы Илим Карыпбеков Vesti.kg сайтына Эльвира Сатыбекованын ооруп, өргүүдө экендигин жана каналдын жетекчилиги анын бала бакчанын башчысынан чындап эле акча алгандыгын, же албагандыгын аныктайт деп билдирди.
Эске салсак, 2019-жылы бирдин айынын он тогузунда ЭКККМК кызматкерлери пара алып жаткан жеринен журналист кызды кармаган.
Зулайка Эркимбаева
сүрөт www