Ново-Павловка айылында жаш баланы өлтүрө сүзүп кеткен милиционерди бошотуп жиберишти
Каза болгон баланын ата энеси милиционерге доо коюудан баш тартты
Ново-Павловка айылында жаш баланы өлтүрө сүзүп кеткен милиция кызматкери боштондукка чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ИИМБ билдиришти.
- Он жаштагы окуучу баланы сүздүрүп кеткен милиционердин жактоочусу ортомчулардын жардамы аркылуу тынчтык келишимин түзгөн, - деп түшүндүрду мекеменин маалымат кызматы. - Сот кылмыш ишин токтотуу жана камактагыны бошотуу тууралуу өтунүчтү канааттандырды.
Ички кызматтык иликтөөнун жыйынтыгына ылайык, милиционер ички иштер органынан бошотулду. Облустук ИИМБ милициянын старшинасы кылмыш болгон убакта соо экендигин кошумчалады.
Эске салсак, 2019-жылы үчтүн айынын акырында Ново-Павловка айылындагы мектептин жанынан милиция кызматкери 10 жашар баланы сүзүп кетип өлтүргөн. ЖКККМБ инспектерлору аны кармашып убактылуу кармоочу жайга киргизген болчу.
Эльдос Казыбеков
Сүрөт www