Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты өкмөт башчы чөөлөрдүн үнүн угуп калабы деп кабатыр болот

Алтынбек Сулайманов министрлер кабинетинен жырткычтарды атканга мергенчилерге уруксат берүүнү өтүнөт

Депутат Алтынбек Сулайманов Кыргызстандагы чөөлөрдүн көбөйүп кеткендигине тынчсызданат.

Бул турасында ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.

- Ар бир атылган карышкырга 6 миң сом, ал эми чөөгө 2 миң сом берилет, - деп белгиледи ал. - Мамлекеттик органдар мергенчилерден ар кандай документтерди талап кыла беришет. Ошондуктан чөөлөр тууралуу унутуп калышкан. Алар тууп көбөйүп, мал-жанга кол сала башташты. Чөөлөр айылга түшүп келишип, алтургай Мамлекеттик резиденцияга да кирип келишет. Чамасы, алардын улуганы өкмөт башчыга деле угулуп жатат окшойт.

Депутат мергенчилерге карата бюрократтык бут тосууну жок кылуу керек экендигин кошумчалады.

- Мергенчилерди кызыктыруу үчүн атылган чөөнүн башына акча төлөө керек, - дейт ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх