Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө «Аврора» санаториясында 75 жаштагы кемпирди зордуктап кетиштиби?

Администрация бул маалыматты калп дейт, анткени менен милиция текшерүү жүргүзөт

Сөгөт-Булак айылынын тугундары Ысык-Көлдун «Аврора» санаториясында 75 жаштагы аялдын зордукталгандыгына нааразы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар билдирди.

Такталбаган маалыматтар боюнча, бир жумада мурун номерде эс алып жаткан аялга бирөө кирип, зордуктап кеткен.

- Санаториянын директору жергиликтүү тургунга номерлердин биринде жашай берүүгө уруксат берген, - деп түшүндүрдү өздүк булак. - Номерде жашаган киши кетип жатканда ачкычты тапшырбай кеткен. Кийинчерээк ошол номерге аялды жайгаштырганбыз, ал санаторияга дарыланганы келген. Бир күнү түндө болжол менен наша чегип алган тиги киши пенсионер аялдын бөлмөсүнө кирип, күч колдонуп аны менен жыныстык катнашта болгон.

Эртең менен аял болгон окуяны санаториянын кызматкерлерине айткан.
- Милиция чакырышты, окуя болгон жерге Бостеридеги милициянын айылдык бөлүмүнүн начальниги келди, - деп белгилейт булак. - Кемпирди арыз жазбоого көндүрүштү, уят деп айтышты. Акыр аягында ишти жаап, эч ким жазага тартылган жок. Бирок болгон окуя тууралуу айылдын жашоочулары жана «Авроранын» кызматкерлерине белгилүү.

Ал ортодо «Аврора» санаториясынын юристи бул маалыматты четке какты.

- Эгерде андай болгон болсо, сөзсүз ал жерге милиция чакырышмак, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Жаңы мыйзам боюнча бардык арыздар Бирдиктүү жоруктар реестрине катталат, башкача айтканда кылмыш фактысын танууга болбос эле.

- Өз кезегинде Ысык-Көл облустук ИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Vesti.kg сайтына «Аврора» санаториясын чындыгында милиция барган деп билдирди.

- Санаториянын кабылдамасынан улгайган аял арыз менен кайрылган, ал «Аврорада» эс алып жаткан кезде ага жагымсыз жагдай болгондугун кабарлаган, - деп түшүндүрдү ал. - Анын сөзү боюнча, түндө анын эшигин белгисиз бир эркек каккылап, уйку берген эмес. Милиция кызматкерлери бул фактты Бирдиктүу жоруктар реестрине «Бейбаштык» беренеси юоюнча катташкан. - Кийин белгилүү болгондой, ал киши Корумду айылынын тургуну экен. Анын өздүгү тактала элек. Бирок кемпир зордуктоо тууралуу ооз ача элек.

Усубакунов бүгүн Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери санаторияга барып, зордуктоо болгонбу же жокпу аныктап келишээрин кошумчалады.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх