Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Табып» Хашим Зайналиев милицияга журналисттердин үстүнөн арыз менен кайрылды

Ызы чуусу басылбаган белгилүү табып ЖМК өкүлдөрүнө кол салды, анткени алар анын соттун чечимин аткарбай жүргөнүн билип калышкан

Жаңжалдуу «табып» Хашим Зайналиев «Апрель» телеканалынын журналисттерине карата милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

- Зайналиев Октябрь РИИБ кайрылды, - деп түшүндүрүштү милициядан. - Анын арызы Бирдиктүү жоруктардын реестрине катталды, аны жоруктар Кодексинин 190 беренеси «Турак жай кол тийбестигинин бузулушу» менен катташты.

Эске салсак, кечээ «табып-онколог» Хашим Зайналиевдин ага дарыгерлик кылууга тыюу салынганына карабастан, элдерди дарылоону улантып жаткандыгы белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, жалган дарыгер «Апрель» телеканалынын тартып жүргөн тобуна кол салды, алар анын соттун чечимин эмнеге аткарбагандыгын билүү үчүн клиникага келишкен болчу.
- «Апрель» телеканалынын операторунун арызы Бирдиктүү жоруктарды каттоо реестрине катталды, аны 189 берене «журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу» беренеси менен каттоого алышты, - деп кошумчалашты ИИМБ. Сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Журналисттердин сюжетинде Зайналиевдин милиционерлер келгиче клиникадан кетип калгандыгы көрсөтүлгөн.

Бишкек ИИМБ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына табыптын өз ишмердүүлүгүн токтотпой жаткандыгын Башкы прокуратурага билдирилет деп түшүндүрдү.

Анткени менен көзөмөл органы азырынча комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх