Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажикстандын жана Кыргызстандын жыйырма чакты жараны чек арада бири бирине таш ыргытышты

Жаңжал учурунда Тажикстандын жарандары кыргызстандыктын үйүн өрттөп жиберишти

Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бири бирине таш ыргытышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматы билдирет

Жаңжалдашкан кыргыз жана тажик тараптарды ажыратуу үчүн чегарачылар асманга эскертүү иретинде ок чыгарышты. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, тажик жарандары кыргызстандыктын менчик үйүн өрттөп жиберишкен.

Эки тараптын чегарачылары учурда кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатышат. Аларга Баткен облусунунун укук коргоо кызматкерлери жардамдашып жатат.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз тажик аймагындагы жагдайга байланыштуу Баткен чегара отрядынын өздүк курамы чегараны коргоонун күчөтүлгөн ыкмасына өтүштү.

Чегарага жакын жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Баткен багыты боюнча Кыргызстандын өкүлү Тажикстандын Исфара багыты боюнча чегара өкүлдөрү менен жоолугушту. Жоолугушуу учурунда тараптар мамлекеттик чегарадагы туруктуулук тууралуу келишимге келишти.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх