Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрөбай Зулпукаров: Чегарада көйгөй болбошу үчүн, ал жердеги маселени убагында чечүү керек

Жогорку Кеңеш Баткен облусундагы кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматын угат

Өкмөт менен Жогорку Кеңеш чегарадагы маселени убагында карап койгондо, ушул көйгөй жаралбайт болчу. Мындай деген оюн депутат Төрөбай Зулпукаров парламенттин пленардык жыйынында билдирди.

- Баткен облусунда кырдаал жаман, элдер коркуп жатышат, - деп белгиледи ал. - Былтыр биз чегарадагы айылдарга өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам кабыл алдык эле. Өкмөт ал айылдардын тизмесин алып, акча бөлмөк. Бүгүнкү күндө канча акча бөлүндү?

Зулпукаров Жогорку Кеңеш делимитация жана демаркация кылууга парламенттик күн өткөрөбүз дегендигин, бирок анын болбогондугун кошумчалады.

- Келгиле, бул маселени жабык эшик артында болсо да чечели, - деп сунуш кылды эл өкүлү. - Чегара көйгөйүн батыраак чечүү керек.

Ал ортодо депутат Карамат Орозова өкмөт кыргыз-тажик чегарасындагы кырдаал боюнча бүгүн отчет берсин деп билдирди.

Өз кезегинде өкмөттүн парламенттеги өкүлү депутаттарга премьер-министрдин тапшырмасы менен Баткен облусуна вице-премьер Жеңиш Разаковдун учуп кеткендигин билдирди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар кыргыз-тажик чегарасындагы окуяны бүгүнкү отурумда карай турган болушту.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх